Жалал-Абад облусунда жалпы 6126 этникалык кыргыздар жашайт

Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин район-шаардык бөлүмдөрүнүн маалыматтары боюнча, 2010-жылдын 1-декабрынан 2015-жылдын 1-майына карата облуста жашап жаткан этникалык кыргыздардын жалпы саны 6126 жаран.

 

Экономика министрлигинин түштүк регионалдык башкармалыгынын бөлүм башчысы Равшан Шараповдун берген маалыматына караганда, анын ичинен «Кайрылман» күбөлүгүн алгандар 4354, ал эми үй-бүлө саны 2319 кожолукту түзөт.

 

Негизинен Өзбекстандан, Тажикстандан, Россиядан келип, Аксы, Ала-Бука, Ноокен райондорунда басымдуу бөлүгүн түзөт.

 

«Этникалык кыргыздардын чечилбеген маселелери турак жай салуу үчүн жер жана үй маселеси, жумушка жайгаштыруу, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жана паспорт алууну тездетүү, пенсия, пособия маселесин чечүү», - дейт Р.Шарапов.