Жайчибекова Шарапат

Жайчибекова Шарапат

1960-жылы 18-августа Мургаб районунда төрөлгөн. 1978-жылы Аличордогу №6 Горький атындагы мектепти аяктаган соң, Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайына тапшырып, аны 1981-жылы ийгиликтүү аяктап келип, №6 орто мектепте пионерважатый болуп, эмгек жолун башта- ган. 1982-жылы Коргон-Төбө шаарындагы педагогикалык институнда билим алууну улантып, аны 1986-жылы аяктаган.

 

Ушул жылдардан тарта №1 А.Ахмедшарипов атындагы орто мектепте эмгектенип,1991-жылы райондук өкмөттүн жалпы бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалып, бул кызмат менен бирге райондук аялдар советинин төрайымы болуп иштеген. Кийин, кайра №9 Манас атындагы орто мектепте педагогикалык кесибин уланткан.

 

Андан кийин Мургаб райондук “Сары- кол” газетасында бөлүм башчы болуп эмгектенип, райондук газетага чоң салымын кошкон. Өзгөчө жаштарга таалим-тарбия, үй-бүлө маселелеринде жазган макалалары жарык көргөн. Ийгиликтүү иштерди алып баруу менен райондук газетабызда 2018-жылга чейин иштеп келген.

 

Ушул жылы көп жылдык эмгектери бааланып “Тажикстан республикасынын билим берүүсүнүн отличниги” деген медал менен сыйланды.

 

Учурад ардактуу эс алууда. Бир уулдун апасы, эки неберенин бактылуу чоң энеси.