Вандык Памир кыргыздары Алеппого жардам жиберишти

Вандык Памир кыргыздары Алеппого жардам жиберишти

Бул тууралуу "Азаттыкка" Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылынын башчысы Эйүпхан Кошар билдирди. Айыл тургундары Алеппого 104 жуп бут кийим, жылуу жууркан-төшөк, тамак-аш жана акчалай жардам көрсөтүштү. Эржиш районуна караган кыштактан чогулган жардам райондук акимчиликтин көмөгү менен Сирияга жеткирилет.

 

Улуу Памир айылы борбор калаа Анкарадан 1220 чакырым алыстыкта, тоолуу аймакта жайгашкан. Жалпысынан 2000ге жакын эл бар.