Вандагы кыргыздар Кыргызстанга таарынычын айтууда

Түркиянын Ван өрөөнүндө жашаган кыргыздар Кыргызстандын өкмөтүнө нааразылык айтууда. Бул тууралуу бүгүн парламенттин жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу билдирди. Вандык кыргыздар менен жакында Стамбулда жолукканда алар Кыргызстандан үч сабак боюнча мугалим жиберүү өтүнүчү дагы эле аткарылбай келатканына таарынычын билдиргенин айтты:

 

Алар ачуусу келип, "биз Кыргызстанга керегибиз жок болсо ачыгын айткыла, акча, жумуш сураган жокпуз, болгону кыргыз тил, тарых жана маданиятын үйрөткөн үч мугалим сурап жатабыз" деп айтты.

 

Ван өрөөнүнүн Улуу Памир кыштагында жашаган кыргыздар бир жыл мурда президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушууда кыргыз тил, тарых жана музыка мугалимин сураарын «Азаттыктын» кабарчысына айткан.

 

Ванда 1982-жылдан бери 3 миңден ашуун кыргыз жашайт. (RK)