Ван кыргыздарына Кыргызстандын окуу жайларынан 10 орун бөлүнүп берилет

manas UniverЖогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын билдиргенине караганда 19-сентябрь күнү болгон Жогорку Кеңеш жыйынында, Түркиянын Ван провинциясындагы Улуу-Памир айылында жашаган этникалык кыргыздардын кайрылуусу каралып, мекендештерибиздин балдары үчүн Кыргызстандагы «Манас» кыргыз-түрк университетинен 5 орун, «Себат» лицейинен 5 орун квота бөлүп берүү жөнүндө токтом кабыл алынды.

 

Белгилей кетчү нерсе, жогоруда айтылган окуу жайларында окуган жаштар акысыз билим алат. Жогорку Кеңеш токтомунда камтылган жоболордон келип чыккан маселелер Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү министрликтери аркылуу чечилмекчи.

 

 

Түркияда жашаган этникалык кыргыздардын мындай өтүнүчү бир добуштан колдоого ээ болду.

 

Бишкек, 19-сентябрь, 2012-жыл, КТРК