Ван кыргыздары Кыргызстандан мугалим сурашат (Улуу Памир)

Түркиянын Ван өрөөнүн Улуу Памир кыштагында жашаган кыргыздар президент Атамбаев менен жолугушууда кыргыз тил, тарых жана музыка мугалимин сурай тургандыктарын «Азаттыктын» кабарчысына айтышкан. Улуу Памир кыштагынын башчысы Касымбек Шакир уулунун айтымында, жаштар кыргыз тилин, тарыхын жана салт-санаасын унутпоосу үчүн Кыргызстандан мугалимдер келип, сабак берүүсү зарыл.

 

Ошондой эле Ван кыргыздары мүмүкүнчүлүк болсо тарыхый мекенине көчүп кетүүгө ниеттери бардыгы дагы айтылды. Кыргыздар Түркияда жикчил күрддөр отурукташкан аймакка чектеш жашагандыктан, чыр-чатактар болоорун кошумчалашты. Ванда 3 миңден ашуун кыргыздар жашайт.

 

Президент Атамбаевдин Түркиядагы расмий иш-сапары маалында вандык кыргыздар менен жолугушуусу пландалган. (ZB)