Узак жолубуз кыскарды

Өткөн жумада Кыргыз Рес­публикасынын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев Алай районунун Сары-Таш айылынан өткөн «Ош–Сары-Таш–Эркештам» жана «Сары-Таш–Карамык» автоунаа жолдорун калыбына келтирүү иштеринин толугу менен аякталып, аны пайдаланууга берүүгө байланышкан салтанаттуу аземге катышты.

 

А.Кыябеков (ТБАО Мургаб районундагы Кара-Көл айыл жамаатынын төрагасы):

- Деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте жайгашкан Тажик Республикасынын Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун Мургаб районундагы бир шаардык жана алты айылдык жамааттагы элдин жашоо-тиричилиги Кыргызстан менен тыгыз байланышта. Мургабдыктар базар-учарды Кара-Суудан, Оштон жасайбыз. Биздин аймакта көмүр кени жок болгондуктан, аны Алай районунан тартабыз. «Ош–Сары-Таш–Эргештам» жолунун пайдаланууга берилишине Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун эли да кубанып жатат. Узак жолубуз кыскарды.