Урматтуу Джолдошбаева Камила !

Урматтуу Джолдошбаева Камила !

Эң мыкты “Медицина үйү” деген татыктуу наамга ээ болгон Мадиян өрөөнүнүн үй-бүлөлүк дарыгери Джолдошбаева Камила биздин калкка 14 жылдан бери өзүнүн эмгегин баалап ысыгына күйүп, суугуна тоңуп канчалаган наристенин киндик энеси болуп, орууларды жакшы сөзү менен айыктырган, бөбөктөрдү өз убагында эмдеп келе жаткан дарыгерибизге сыймыктанабыз.

 

Ошондой эле,Мадияндагы медицина үйүн ремонттоп бердиришкен Мургаб районубуздун төрагасы Жоошбаев Мурзабайга, КАТСтын менеджери Таштанбеков Абдыманапка ыраазычылык билдиребиз!

 

Урматтуу Джолдошбаева Камила сизди ушундай элиңизге күйүп иштегениңизге биз кубанып каалоо айтуубузду сунуштадык.

 

Сизди 8-март майрамыңыз жана келе жаткан Нооруз майрамыңыз менен куттуктайбыз .

 

Сизге кааларыбыз -дагы ушинтип биздин арабызда жүзүңүздөн күлкү кетпей, үй-бүлөңүз менен балдарыңыздын бактысына байлык болуп жүрө бериң.

 

 

Дартыбызды жеңилдетип,

Бар болуң биздин жаныбызда.

Ак халатын кийип алып,

Ар дайым элдин арасында.

 

Мадиян элинин жашоочулары

«САРЫКОЛ» пресс

www.sary-kol.ru