Турдубековго “Азаттык” аркылуу жардам көрсөтүлүүдө

Кыргызстандын жараны, 3-топтогу майып, Тажикстандын Мургаб районунан көчүп келген Умар Турдубеков неберелери ачка отурганын айтып, "Азаттыктын” "Эл үнү” уктуруусу аркылуу 8 миң сом акча карызга сураган. Анын өтүнүчүнө эң алгач Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева жооп кылып, "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесине келип, 10 миң сомдук акчалай жардамын тапшырып кеткен. Отунбаевадан кийин муфтий Чубак ажы Жалилов да Турдубековго 10 миң өлчөмүндө акча берген.

 

Бүгүн жарандык активиcт Бурул Усманалиева Мургабдан келген Турдубековдун үйүнө жаңы жылдык белек алып барып, 1000 сом акчалай көмөк көрсөттү. "Турдубековдун жашоосун көрүп зээним кейиди. Жашоо шарты абдан начар, бир бөлмөлүү суук үйдө көп балдары менен жашайт экен”, дейт Усманалиева. (JAk)