Тоң районунун делегациясы памирлик кыргыздардан кабар алып, жардам көрсөтүштү

Тоң районунун делегациясы памирлик кыргыздардан кабар алып, жардам көрсөтүштү

Тоң райондук администрациясынын өкүлдөрү жана айыл аймактарынын башчылары Нарын районунун Куланак айылында жашап жаткан памирлик кыргыздардан кабар алышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди. Райондун акими Т.Ажиевдин айтымында, мындай идея акимиатта өткөн кеңешмеде көтөрүлгөн жана аны айыл өкмөттөр колдоого алышкан.

 

«Памирлик кыргыздардан кабар алуу үчүн Нарынга келдик. Бир туугандарыбыз менен жолугуп, алардын ден соолугун, ал акыбалын сурап аябай сүйүндүк. Биздин койгон максатыбыз толук аткарылды», - дейт ал.

 

Тоң районунун администрациясынын жана айыл өкмөт башчыларынын атынан 100 миң сомго азык-түлүк жана күнүмдүк керектелүүчү каражаттар алынып, памирлик кыргыздарга жардам катары берилди.

 

«Учурда памирлик бир туугандар билим алып, тамгаларды таанып, үйрөнүп калышыптыр. 16 окуучунун арасынан 2 кыз мектепте окуйт экен. Ал эми аялдар болсо тигүүчү машина менен кийим тиккенди үйрөнүп калышыптыр. Жакында эле келген 11 памирлик кыргыздын бешөө кайра кайтууга даярданып жатышыптыр. Алар бизге ыраазычылыктарын билдиришти», - деди Тоң районунун башчысы.

 

Ton raion jardam 2 Ton raion jardam 3
Ton raion jardam 4 Ton raion jardam 5

 

Ушул жылдын 13-октябрында саат 20:30 чамасында этникалык кыргыздар Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаарына бир күн түнөгөндөн кийин Нарын шаарына жетишкен. Аларды вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова коштоп келип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар кубануу менен салтанаттуу түрдө тосуп алышкан.

 

Кыргызстанга Кичи жана Чоң Памирден 33 адамдан турган 6 үй-бүлө келген. Алардын ичинде 18 жашка чейинки 17 бала, кош бойлуу аял жана 1,5 жаштагы бир бала бар. 2017-жылдын 2-октябрында Кыргызстандын өкмөтү Кичи жана Чоң Памирге гуманитардык жардамды жеткирүү жана этникалык кыргыздардын балдарын окутуу үчүн ата-энелеринин коштоосунда өлкөгө алып келүүгө экспедиция жөнөткөн болчу.

 

Аталган аймакта жашаган этникалык кыргыздарды колдоо максатында өкмөттүк экспедиция тарабынан 7 млн сомго ылайыкталган 60 тоннадан ашык өлчөмдөгү гуманитардык жардам толугу менен жеткирилди. Алардын катарын дары каражаттары, азык-түлүк, кийим-кече, жууркан жана башкалар толуктайт.