ТБАО электр энергиясына жеңилдиктерди алышты

ТБАО электр энергиясына жеңилдиктерди алышты

Тоолуу Бадахшан автономдуу облусун электр энергиясы менен камсыз кылган Pamir Energy компаниясы Кызматташуу боюнча швейцариялык кеңсенин колдоосу менен электрди эффективдүү колдонуу долбоорун ишке ашырууда.

 

Долбоордун алкагында компания күз-кыш мезгилинде электр энергиясына төлөмдөрдү азайтат. Марттан ноябрь айына чейин Pamir Energy жашоочуларга ай сайын 360 кВт электр энергиясын сунуштайт. Калк анын наркынын 10 % төлөйт, калган чыгымдарды компания өзү көтөрөт. Бирок кардарлар дал ушул көлөмдөгү электр энергияны бир айга жеткириши керек. Бул субсидияны акчалай эсептегенде 70 сомонини (10 АКШ долларына жакын) түзөт.

 

Демилгенин максаты – Памирдеги отундун тартыштыгына байланыштуу электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу. Тоолуу Бадахшан облусунда болжол менен 300 миң адам жашайт.

 

Pamir Energy компаниясынын карамагында учурда “Памир-1” жана “Хорог” баш болгон 11 орто жана чакан ГЭС бар. Компания мындан тышкары электр энергиясын Ооганстанга дагы экспорттойт.