Тажиктер кыргыздарды кыйнай баштады

Тажиктер кыргыздарды кыйнай баштады

Экономикалык жактан каржалган Тажикстан өз жарандарын гана эмес, кошуна өлкөлөрдү дагы азапка салып, кыйнай баштады. Айтсак, жакындан бери тажик мамлекетине кирген унаалардан олчойгон суммадагы экологиялык төлөм алып, Кыргызстандык унаалардан 2500 сомго чейин шыпырып жатканы ачыкка чыкты.

 

Кызыгы, күз айынан бери жеке жарандарды дагы Бишкектеги элчиликтен кагазың жок деген шылтоо менен 1000 сомдон «айып» төлөтүүдө. Мунун азабын Мургаб жана Жерге-Тал райондоруна туугандарына барган кыргыздар тартууда. Көрсө, бекер жүрүү бир гана Алай районуна уруксат экен.

 

Биздин бийлик тез арада сүйлөшүүгө барып, маселени чечиш керек. Болбосо жооп иретинде кыргыз өкмөтү да ошол өңдүү чечимдерди кабыл алып, ар бир тажиктен 1000 сомдон, унаасынан 2500ден алуу кажет.

 

Ата-бабаларыбыз: «Ийилгенге ийилгин башың жерге тийгиче, какайганга какайгын төбөң көккө жеткиче» деп бекер айткан эмес.