Тажикстандын Бартанг өрөөнү кар туткунунда калды

Тажикстандын Бартанг өрөөнү кар туткунунда калды

Памир тоолорунда деңиз деңгээлинен 3 миң метр бийиктикте жайгашкан Бартанг өрөөнүнүн жашоочулары кар туткунунда калышты.

 

Тоолуу Бадахшан автономиялуу облусунун тургундары азык-түлүк ташыган Рушан жана Хорог жолдору жабылды. Өрөөндү электр энергиясы менен камсыздаган кичи ГЭС иштен чыкты.

 

Бир нече күн мурун Пасор кыштагынын Савноб жамаатында кар көчкү каналды бөгөп калып, ГЭСке суу келбей, иши токтоду. Айылда 137 үй-бүлө жашайт, учурда алар шам чырак жана кичинекей темир меш менен күн кечиришүүдө. Айрымдары генератор колдонушууда.

 

«ГЭС беш күндөн бери иштебей турат. «Памир Энержинин» адистери телефон чалып, каналга түшкөн кар көчкүнү тазалоо зарылдыгын айтышты. Элдер балким аны тазалашар, бирок жол жабык, «Памир Энержинин» адистери район борбору Рушандан качан бизге келе алары белгисиз», – деди Савноб жамаатынын төргагасы Малабек Малабеков.

 

Жол жабылып калгандыгына байланыштуу азык-түлүк түгөнүүдө. Кышкысын жол өтө кооптуу болуп, ар ким эле бул жакка товар ташып келүүгө батына бербейт. Буга байланыштуу азык-түлүктүн баасы бул өрөөндө кымбатыраак.