Тажикстандагы кыргыз мектептеринде бардык шарттар түзүлгөн

Tadj kg mektepТажикстандын кыргыздар көп жашаган Мургаб, Жергетал жана Исфара райондорунда кыргыз мектептери үчүн өз эне тилинде окуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул тууралуу Тажикстандын маданият министринин биринчи орун басары Ибадулло Машрабов бүгүн “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

 

“Тажиктер менен кыргыздардын карым-катнашы менен достугу байыркы замандардан башталат. Биз кошуна, бир тууган эл катары ынтымакта жашап, экономикалык гана эмес, маданий да кызматташтыгыбызды жандандырышыбыз керек. Өкмөттөр аралык макулдашуунун негизинде бүгүн Бишкекте баштала турган Тажикстандын Кыргызстандагы маданият күндөрү ошол кылымдар боюу келаткан достук байланышыбыздын уландысы болуп саналат.

 

Көп улуттуу Кыргызстанда тажиктер да ынтымактуу жашап жатышына терең ыраазыбыз. Ошол эле учурда Тажикстандын кыргыздар чогуу жашаган Мургаб, Жергетал жана Исфара райондорунда өз эне тили менен маданиятын өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Бул аймактардагы кыргыз мектептерин окуу китептери менен Кыргызстан камсыз кылып турат”,- деди И. Машрабов.

 

Бишкек, 8-июнь