Тажикстанда Улут лидерине сын айткандар жазага тартылат

Тажикстан өкмөтү шейшембиде Улут лидерине коомчулук алдында акарат келтиргендерди жазалоо боюнча токтомду жактырды. Кылмыш кодексинин 137-беренесин өзгөртүү боюнча документке Эмомали Рахмон 13-октябрда кол койгон.

 

Президентти – Улут лидерин эл алдында мазактагандар жана ага жалган жалаа жапкандар беш жылга түрмөгө кесилет. Интернет, анын ичинде социалдык түйүндөрдү жана башка ММКларды колдонуу менен акарат келтиргендерге да жаза берилет.

 

Токтом эми парламенттин кароосуна жөнөтүлөт.

 

Бир апта мурун өлкө президенти эгемен Тажикстандын негиздөөчүсү катары жарыяланган.