Тарыхый мекени - Кадамжай районуна 214 этникалык кыргыздар көчүп келген

Тарыхый мекени - Кадамжай районуна 214 этникалык кыргыздар көчүп келген

Баткен облусунун Кадамжай райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнө 2014-жылдын 11 айы ичинде тарыхый мекенине көчүп келген 214 этникалык кыргыздар кайрылган. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысы билдирди.

 

Кадамжай райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмүнүн жетекчиси З.Жарматовдун айтымында, анын ичинен 69 этникалык кыргыздар «Кайрылман» статусун алышып, калгандарынын арыздары каралууда.

 

«Ал эми 2009-жылдан баштап 1152 этникалык кыргыздар кайрылман статусун алышкан. Кайрылман статусу этникалык кыргыздарга бир топ социалдык көмөктөрдү кепилдейт. Атап айтсак билим алууга, жөлөк пул алууга, дарыланууга жана башка жеңилдиктерге кепилдик берет», - деди ал.