Түркиянын Ван көлүндөгү этникалык кыргыздар эне тилин сактап калуу үчүн мугалим менен камсыздоону өтүнүшүүдө

Түркиянын Ван көлүндөгү этникалык кыргыздар эне тилин унутуп калуусуна кабатырланып, Кыргызстан бийлигинен кыргыз тили мугалими менен камсыздап берүүнү өтүнүшүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушев бүгүн, 6-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

 

Ал жакында эле Түркиянын Стамбул шаарында өткөн Рахманкул хандын 100 жылдык мааракесине байланыштуу салтанаттуу иш-чарага катышып келгендигин, анда Ван аймагындагы этникалык кыргыздар жогорудагыдай өтүнүчтөрүн билдиришкендигин кесиптештерине маалымдады.

 

“Кыргыз тили мугалими, кыргыз тилин окуп үйрөнүү боюнча окуу китептери менен камсыздап берсек, тилчи мугалимдин турак жай, айлык маселесин чечип беришерин айтышты. Ошол жерде бир гана кыргыздардын санын, үрп-адатын эмес, тилин да сактап калсак жакшы болот эле”,- дейт Кутушев.