Түркиядагы памирлик кыргыздар тууралуу даректүү тасма тартылды

Түркиядагы памирлик кыргыздар тууралуу даректүү тасма тартылды

Түркиядагы этникалык кыргыздар тууралуу тартылган даректүү тасмада Ван аймагынын Улуу Памир айылындагы кыргыздардын жашоосу, үрп-адаты, маданияты чагылдырылган. Тасмада айыл тургуну Кенан Айтачтын кол өнөрчүлүгүнө да орун берилген.

 

- Биз айылда кыргыз улуттук кийимдерин, жер төшөк, шырдак, боз үй жасап Түркиядагы кардарларыбызга сатабыз. Негизи эле акыркы жылдарда биздин айылга кызыккан жергиликтүү жана чет өлкөлүк туристтер көбөйдү. Буга чейин да кыска тасмалар тартылчу, бирок бул ирет этникалык кыргыздардын маданиятын, турмушун толугу менен көрсөтө алдык дей алам. Биз, айыл тургундары кыргыз маданиятын Түркияда жайылтканыбызга сыймыктанабыз, - деди Кенан Айтач.

 

"Улуу Памир" даректүү тасмасы толугу менен Түркиянын маданият министрлигинен каржыланып, жети айда тартылып бүткөн. Тасманы түркиялык көрүүчүлөргө жергиликтүү телеканалдар көрсөтөт.

 

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылын 1986-жылы атайын Ооганстандан келген кыргыздар үчүн түрк өкмөтү куруп берген. Айылда жалпысынан 2000ге жакын этникалык кыргыз жашайт. Негизинен айылдыктар мал чарбачылыгы менен жан багышат. (ElB)