Сары-кол (Восточный Памир)

Кайсы жерден болосуң деп сураба, кандай элден экенимди сынаба, мен жөн эле жашап келем кыргызмын деп...

КТРК онлайн ТВ МУЗ ТВ KG онлайн Биринчи радиоКыргыз радиосу

ОШ ТВ онлайн Ала Тоо 24 ТВ онлайн Марал радиосуСанжыра радиосу

ОШ ПИРИМ онлайн Спорт ТВ онлайн Мин Кыял радиосу Кыргызстан обондору

Бишкек  онлайн ЭЛ ФМ радиосу Сары-кол радиосу

Кыргызча клиптер

Сириядагы аскердик операцияга вандык памирлик кыргыздар да катышууда

  • Понедельник, 12 Февраля 2018
  • Автор 
  • 527

Түркиядагы "Кыргыз түрктөрү" маданият коомунун мүчөсү Бүнямин Токер "Азаттыкка" билдиргендей, Сириянын Африн аймагында операцияга катышып жүргөн түрк армиясынын катарында вандык жыйырмадай кыргыз бар.

 

- Биз Анкара шаарында кыргыздар чогулуп, Афринде согушуп жаткан аскерлерибизге колдоо жана көңүл буруу үчүн боз үй тигип, палоо басып элге тараттык. Миңдеген түрк аскерлеринин арасында биздин Улуу Памир айылынан жыйырмадай жигит жүрөт, - деди ал.

 

Түркия Сириянын түндүк-батышындагы “Зайтун бутагы” деп аталган аскердик операциясын 20-январда баштаган. Түрк армиясы бул аймактан күрт кошуундарын сүрүп чыгып, 30 чакырымдык "коопсуз тилке" түзүүнү көздөп жатат.

 

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылында эки миңден ашык кыргыз отурукташкан. Ал эми жалпы Түркия боюнча беш миңге чукул кыргыз жашайт. (ElB)

scroll back to top

Дополнительная информация

Сары-кол 2017