Шаймактын эли ыраазы

Шаймактын эли ыраазы

Урматтуу окурмандар!

Биздин Тажикстан мамлекетибиздин эгемендүү болгонуна 25 жыл болду. Ушул жылдын аралыгында мамлекетибиз бир топ өнүгүүгө жетишти. Айрыкча медицина илимдери өзгөчө көптөгөн өнүгүүлөргө жетишти. Биздин Мургаб районунда көптөгөн жаштарыбыз мединститутту, медколледжди бүтүп келишип, райондун борборунда жана ар кайсы жамааттарда эмгектенүүдө.

 

Ошондой адистерибиз Ак-Суу жамаатына караштуу Шаймак айылында эмгектенип жатышат. Башкы врач Гүлнара Исакова, Заир кызы Гулбадам, акушерка гинеколог Гулшаар Закирбаева медсестра болуп эмгектенүүдө. Бул айымдар айылыбыздагы ар кандай ооруулууар менен иш жүргүзүүдө. Айылыбыздын ар кайсы жайлоо-кыштоосунда оорууларды, жаш наристелерди эмдөөдө. Алар убактысында наристелерди эмдөөдөн өткөзүп турат жана алардын эмгеги өтө чоң. Райондун борборунан бир кыйла алыста турсак да, бейтаптарды убактысында райондун борборуна жеткирип турушат. Күндү-күн дебей, түндү-түн дебей эмгектенүүдө. Бул ак халатчандарга эл ыраазы.

 

Ак халат кийген айымдарга арнайбыз:

Ак халат кийген Гүлүлөр,
Бактылуу болуп жүрүңөр.
Орууну жакшы караңар,
Эмгектен бакты жаралар.

 

Окшошкон биздин Гүлүлөр,
Оорубай дайым жүрүңөр.
Элиңе жардам берүүдө,
Чалыкбай дайым жүрүңөр.

 

Анан дагы, Шаймак айылы райондун борборунан алыс тургандыктан кээде биздин дарыгерлер жана бейтаптар үчүн унаа маселеси кыйынчылыктарды туудурууда. Ошол себептен райондун жетекчилеринен жана райондун башкы врачынан бизге тез жардам машинесин берүүсүн жалпы калкыбыз өтүнөт. Бул өтүнүчүбүз акталар деген чоң ишенич менен, жалпы элдин атынан ардагер Ооганбеков Бакир"

 

«САРЫКОЛ» пресс

www.sary-kol.ru