“САРЫКОЛ” гезитинин дарегине

“САРЫКОЛ” гезитинин  дарегине

Улукбек Аилчиев, Г. Бердибаев жамаатынын төрагасы:

“Сары кол” гезитибиз райондогу бирден-бир гезитибиз болгондуктан райондогу жаңылыктарды ушул гезиттен окуйбуз. Кубанарлык нерсе гезитибиз күндөн-күнгө жакшырып барат. Келечекте адабий беттер, балдар үчүн рубрикалар, тарыхый инсандар боюнча көңүл бурсаңыздар жакшы болор эле. Майрамыңыздар кут болсун, калемиңиз-дер курч болсун!

 

Каримов Айдарбек, райондук жаштар уюмунун кызматчысы:

Негизгиси мурдагыга салыштырмалуу жаштарыбыздын турмушу, дегеле көп маалыматтар берилип, кыргыз жана мамлекеттик тилде чыгууда. Бул Жаштарыбыз-келечек муундар үчүн абдан маанилүү жана зарыл. Майрамыңыздар менен!

 

Айгүл Термечикова, райондук аялдар иштери боюнча комитетинин башчысы:

“Сары кол” гезити аялдар, кыз-келиндер темасына да жакшы көңүл бурууда. Акыркы күндөрү гезитти кызыгуу менен окуп калдык. Сапаттуу чыгарып жатасыздар. Ыракмат! Бар болуңуздар!

 

Төлөнбай Абдыразаков, (02.03.2017-ж. катында) “Кыргыз Туусу” Sarykol gazeta daregine 2гезитинин түштүк аймагы боюнча редактордун орун басары:

“Сары кол” гезитин абдан жакшы кылып оңдоп коюпсунар, азамат!

 

Чокоев Абдикарим, ардагер, “Сары кол” гезитинин эң акса-кал окурманы:

Ыракмат, гезит чыгаргандарга, өмүрүмдүн көбүндө мен бул гезитти окуп келе жатамын. Азыр да пенсиямды алып эле жазылайын деп келдим, жазып койгула. Элибиз аман болсун. Жараткан өзү ишиңерди илгерилетсин!

 

Аксакалдар кеңешинин конференциясынын катышуучулары:

Газетаңардын сапаты акыйкат жакшырды, эл деген-эл, элге кайрылсаңар гезитти колдоп жиберет.

 

Агай

 

 

 

«САРЫКОЛ» пресс

www.sary-kol.ru