Сары-Могол айылында Х. Алимсеитов орто мектеби пайдаланууга берилди

Сары-Могол айылында Х. Алимсеитов орто мектеби пайдаланууга берилди

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында, алыскы бийик тоолуу Алай жана Чоң-Алай райондорунун социалдык объектилеринин инфраструктуралык абалы менен таанышты.  Алай районунда өкмөт башчы Сары-Могол айылындагы орто мектептин ачылышына катышты.

 

Сары-Моголдогу №53 Харыбек Алымсеитов атындагы орто мектептин ремонт ишин көрбөгөнүнө 20 жылдан ашты. 1948-жылы алгач боз үй формасында башталгыч класс тибинде ачылып, андан соң, финн тибинде курулган имараттар мындагы 1200 дөн ашуун окуучунун татыктуу билим алышын аксатып келүүдө.

 

Мектеп бардык заман талабына шайкеш келген жабдуулар менен камсыз болгон, буга кошумча өкмөт мектеп окуучуларына эки түстүү телевизордун сертификатын тапшырды. Ал эми, компьютер кабинети жакынкы убакта интернетке уланмай болду.