Сапановдун жазганы мусулмандарга коркунуч жаратып жатканы айтылды

Сапановдун жазганы мусулмандарга коркунуч жаратып жатканы айтылды

Бүгүн Бишкекте журналист Зулпукар Сапановдун жазгандарына каршы пресс-конференция өттү.

 

Ага катышкан «Акыл эс, Ыйман» уюмунун жетекчиси Дүйшөн Абдылдаев "... ал ыйык Курандын баалуулугун туура эмес чагылдырууда, китеби элди бөлүп-жарып, диний кастыкты козутууга багытталган" деп билдирди.

 

Теолог Кадыр Маликов "Сапановдун жазгандары мусулманчылыкка шек келтирип, ага коркунуч жаратууда, чоң маалыматтык согуш болушу ыктымал" деп айтты.

 

Ал эми экс-депутат Турсунбай Бакир уулу "...бул "Ислам мамлекети" террорчул тобун түзгөн күчтөрдүн долбоору болушу мүмкүн" деп кошумчалады.

 

Журналист Зулпукар Сапанов 7-февралда атайын кызматта сурак берип чыккан. Бул тууралуу ал декабрь айынан бери иштеп жүргөн «Dе-Факто» гезитинен кабарлашкан.

 

Гезиттин сайтына "УКМКнын оперлери тинтүүгө алып үй ичиндеги компьютер, уюлдук телефон жана китептерин , өзүн сурака алып кетишти. Сапанов өткөн жылы «Кыдыр санжырасы» китебин чыгаргандан кийин ар кандай дин өкүлдөрү УКМКга байма-бай арыз жазып, авторду камакка алууну өтүнүшкөн. Ал эми автор аталган китепте эч кандай бөлүп жаруу же башка диндерге шек келтирүү жок экенин баса белгилейт" деген маалымат чыккан.

 

УКМК азырынча комментарий бере элек. (ZA/RK)