С.Жээнбеков этникалык кыргыздарга көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн Афганистан өкмөтүнө ыраазычылык билдирди

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кечээ, 11-майда Тажикстанга жасаган жумушчу сапарынын алкагында Дүйшөмбү шаарында Афганистан Ислам Республикасынын Аткаруу бийлигинин башчысы Абдулла Абдулла менен жолугушту, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

 

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-афган кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды. Премьер-министр С.Жээнбеков Кыргызстан эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин, ошондой эле Jeenbekov Afgan Et kg 1аймактагы тынчтыкты жана коопсуздукту сактоодогу Афганистандын ролун белгиледи.

 

Жолугушууда өкмөт башчы Афганистан өкмөтүнө Афганистанда жашап жаткан этникалык кыргыздарга көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

С.Жээнбеков А.Абдулланы ушул жылдын сентябрь айында өтүүчү II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылыш салтанатына катышууга чакырды.