Рустам Эмомалинин элге кылган жардамына эл ыраазы

Рустам Эмомалинин элге кылган жардамына эл ыраазы

Январь айынын башында Мургаб, Аличор жамаатарындагы жардамга муктаж үй бүлөлөргө Душанбе шаарынын Мэри Рустам Эмомалинин 170 жетишсиз үй бүлөгө жардамы келип, элдин маанайы дагы көтөрүлдү.

 

Келген жардам жамааттардын жетишсиз, жардамга муктаж үй бүлөлөргө таркатылды. Бул жардам Мургаб жамааты үчүн 100 адамга же болбосо муктаж 100 үй бүлөгө, 50 тонна көмүр, 10 тонна ун, 1 тонна макарон, 1 тонна күрүч, 500 кг шакар, 500 литр өсүмдүк майы түшүп, ар бир муктаж үй бүлө 500 кг көмүр, 100 кг ун, 10 кг күрүч, 10 кг макарон, 5 кг шакар, 5 литр май берилди. Ал эми Аличор жамаатындагы мутаж 70 үй бүлөгө 33 тонна көмүр, 7 тонна ун, 700 кг күрүч, 700 кг макарон, 350 кг шакар, 350 литр өсүмдүк майы түшүп, ар бир үй бүлө 471 кг көмүр, 100 кг ун, 10 кг күрүч, 10 кг макарон, 5 кг шакар, 5 литр май берилди.

 

Берилген жардамдарды таркатууда жамаат кызматкерлери жана көчө комитеттеринин көмөктөшүүсү менен таркатып, жардам алып жаткан муктаж үй бүлө жана калк эки жылдан бери райондун жетишсиз, үй бүлөлөргө жардам көрсөтүп келе жаткан Рустам Эмомалиге ыраазычылык билдирүү менен бирге ишине ийгилик каалады. Ошондой эле Рустам Эмомалиге тарбия берип, эл кызматында болуусуна түрткү берген, ата-энесине алкыш айтып, терең ыраазычылыктарын билдирип, бул райондун элине кылган кызматтарына, камкордуктары калктын жана райондун тарыхында каларын белгилешти.

 

"САРЫКОЛ" пресс

Н. Исраилов