Рахманкул хандын байбичеси кайтыш болду

Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылында Рахманкул хандын байбичеси Толумбүбү Кутлу 18-июлда каза тапты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын небереси, Түркиядагы этникалык кыргыздар коомунун жетекчиси Курманбек Кутлу билдирди.

 

Толумбүбү байбиче 87 жашында көзү өтүп, 19-июлда жерге берилди. Ал Рахманкул хандын экинчи аялы болгон жана үч уул, бир кыздын энеси эле. Түркиядагы Улуу Памир айылында ушу тапта 400 ашуун түтүн ооган кыргыздары жашап жатат.