Рахманкул хандын 100 жылдык мааракеси

Рахманкул хандын 100 жылдык мааракеси


Рахманкул хандын 100 жылдык мааракеси Түркияда белгиленди. Бул тууралуу биздин каналга Стамбулдан хандын небереси Кутлу Курбанбек билдирди. Анын ырасташынча, мааракеге Кыргызстандан бир катар эл өкүлдөрү катышып, 100 жылдыкка арналган китептер жарык көрүү менен Рахманкул хандын уулунун сүрөт көргөзмөсү ачылды.

 

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстанда да анын 100 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде өткөрүлгөн. Ал эми, Ван кыргыздары катары Түркияда отурукташып калган Рахманкул хандын небереси, Памир кыргыздары тууралуу тарыхый китеп жазууну пландап жатат.

 

Менин негизги максатым - Памир кыргыздарынын тарыхы тууралуу жазуу. Азыр алар тууралуу диссертация жазып жатам. Памир кыргыздарынын тарыхын, маданиятын изилдеп, Түркиядагы кыргыздар үчүн эмгек чыгарайын деген ойдомун”,-деп билдирди Рахманкул хандын небереси Кутлу Курбанбек.