Рахманкул хан эскерилди

RaxmankulРахманкул-хан Жапаркул уулунун 100 жылдык мааракеси Бишкек шаарында белгиленди.

 

Оогандык кыргыздардын ханы болгон Рахманкул-хан Жапаркул уулунун 100 жылдык мааракеси Бишкек шаарында белгиленип өттү. Алгачкы жолу уюшулган бул иш чара Кыргыз Өкмөтү тарабынан колдоого алынып, масштабтуу түрдө уюштурулду. Рахманкул-хан Жапаркул уулу 1913-жылы азыркы Тажик Республикасына караштуу Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунда төрөлгөн.

 

 

Ал 1938-жылы, 25 жашында оогандык кыргыздардын ханы деп жарыяланган. Ошол кезден тарта ооган бийлигинен салык жеңилдиктерин алууга жана Ооган-Совет чек арасын коргогону үчүн, кыргыз жигиттерин армиядан бошотууга жетишкен. 1964-жылы Рахманкул-хан ооган бийлигинин ардактуу мүчөсү болуп шайланып, кыргыз азчылыгынын кызыкчылыгын коргогон.

 

Чолпон Бейшелен кызы


 

 

Рахманкул хандын аткарган иштерин келечек муунга жеткируу керек деген оюн Кыргыз Республикасынын маданият маалымат жана туризм министри Султан Раев билдирди. Кыргыз өкмөтү тарабынан колдоого алынган бул мааракеге бир гана кыргыз жеринен эмес, коңшу Туркия мамлекетинен да коноктор келген. Андан сырткары Рахманкул хандын балдары ушул күнгө чейин кыргыз деген улутту эңсеп келгендигин билдирди. Бүгүнкү кундө Памирлик кыргыздардын жашоосу оор бойдон калууда.