Паспорттун баасы - 137 сом 50 тыйын, андан ашыгы - коррупция

Паспорттун баасы - 137 сом 50 тыйын, андан ашыгы - коррупция

Кыргыз Республикасынын жарандарына ID-карта даярдап берүүнүн баасы - 137 сом 50 тыйын. Өлкөнүн бардык жеринде паспорт бөлүмүнүн кызматкерлеринин мындан ашык сумманы талап кылууга акысы жок.

 

Маалыматты 28-июнда SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү Элзат Кыдырмышова билдирди. Паспорттун өзүн даярдоо чыгымына 99 сом, мамлекеттик пошлина катары 30 сом, толтурулган бланк үчүн 8,5 сом кармалат. Эгерде жаран паспортун жоготуп же айрып алган болсо, анда 100 сом айып пул төлөйт. ID-карта 17 күндө даярдалып берилет.

 

Кыргыз жеринде жарандарды паспорттоштуруу тармагында коррупциялык иштер жоюлду дегенге болбойт. Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү да буга кошулат. "Жарандар паспорт алып жатканда өздөрүнүн укуктарын билбей жатышат. Сураган акчасын бере беришет, анан "менден ашыкча акча алды" деп кайрылышат. Мындайда тийиштүү бөлүмдүн кызматкерлери иликтөө жүргүзүшүп, көбүнчө далилдин жоктугунан айтылган сөздөр далилденбей калат. Ошондуктан жарандар паспорт столдун кызматкерлерине акча берип жатканда акча эмнелер үчүн алынып жатканын тактап сурашы керек. Эгер кызматкер болбой эле ашыкча акча сурап жатса, анда далилдери менен бизге кайрылса, чара көрүлөт. Акчанын баары касса аркылуу төлөнүп, дүмүрчөк берилүүгө тийиш. Кызматкерлердин колуна акча берилбеши керек", - деди Кыдырмышова.

 

ID-картаны тез арада даярдап берүүнүн да тарифтери бекитилген, жарандар ал суммадан ашыкча 1 сом да бербөөгө тийиш.

2 саатта даярдап берүү - 6500 сом;

2 күндө даярдап берүү - 2500 сом;

4 күндө даярдап берүү - 2200 сом;

8 күндө даярдап берүү - 1800 сом.

 

Ал эми жалпы жарандык паспорттун жарандардын колуна тийгендеги баасы - 628 сом 50 тыйын. Кадимки шартта 20-25 күндө даярдалат. Тез арада даярдап берүүнүн тарифтери мындай:

2 саатта даярдап берүү - 6000 сом;

2 күндө даярдап берүү - 4500 сом;

4 күндө даярдап берүү - 4100 сом;

8 күндө даярдап берүү - 3800 сом.

 

Жарандар паспорт алууда ортодогу шылуундардын чөнтөгүн толтурбай, өз укуктарына бир сыйра көз жүгүртүп алышканы оң. Оңой бүтчү иш тийиштүү органдагы бюрократиянын айынан кыйындаган учурлар көп кездешет. Паспорт алуудагы же алмаштыруудагы акчанын суммасы кимдир бирөөлөргө билинбеши мүмкүн, бирок маянасы аз же жумушсуз үй-бүлөлөргө жакшы эле билинет.

 

2016 ж.