Памирлик кыргыздарга жардам көрсөтүлөт

Pamir kg jardamМамлекеттик миграция кызматы памирлик кыргыздар үчүн гуманитардык жардам чогулта баштады.

 

10-февралда Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздарга медициналык жардам берүү боюнча экспедиция жасоо пландалган. Көмөк көрсөтүү иретинде жылуу кийим-кече, мектепке керектүү куралдарды жана дары-дармектерди топтоо иши башталган. Сапардын алкагында ал жерден 5 үй бүлөнү Кыргызстанга көчүрүп келүү аныкталат,-дейт миграция кызматынан.

 

 

Памир кыргыздарына кимде-ким жардам бергиси келсе Бишкек шаарындагы Раззаков көчөсү 8 дарегинде жайгашкан “Кайрылмандар менен иштөө” бөлүмүнө кайрылса болот.