Памирлик кыргыздардын балдарды тубаса жүрөк оорусу менен жабыркайт

Памирлик кыргыздардын балдарды тубаса жүрөк оорусу менен жабыркайт

Нарын облустук бириктирилген ооруканада дарыланып жаткан памирлик кыргыздардын ичинен 17 жашка чейинки балдардын жетөөсү жүрөк оорусу менен жабыркайт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга облустук оорукананын жетекчиси Мурат Атбаев билдирди. Анын айтымында, учурда бейтаптардын абалы жакшы.

 

«Текшерүүнүн жыйынтыгында 17 жашка чейинки балдардын жетөөсү тубаса жүрөк оорусу менен ооруй тургандыгы аныкталды. Буларга дагы убакыт керек. Айрым учурда жүрөк оорусу менен жабыркаган балдар чоңойгон сайын жүрөктүн иштөөсү калыбына келип, көп күч болбойт. Бул балдар 4200-4500 метр бийиктикте жашап келишкен. Биздин жер деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте. Эми алардын жашоо шарты өзгөргөндөн кийин, оорунун абалы да бир топ өзгөрөт. Бишкектен кардиологдор келип текшерип кетишкен. Арасында тез арада операция жасоого муктаждар жок деп жыйынтык чыгарышкан. Аны да убакыт көрсөтөт. Башкаларында биз чалдыккан эле жеңил оорулар кездешет. Бирок арасында оор абалдагылар жок. Дарылануу мөөнөтү аяктап калды», - деди ал.

 

Буга чейин Нарын облусунун башчысы Аманбай Кайыпов жетектеген мамлекеттик кызматкерлер 19-октябрда этникалык кыргыздардын эркектерине ак калпак кийгизип, кыз-келиндерге жоолук салып куттукташканы маалымдалган. Жолугушуу учурунда А.Кайыпов алардын Кыргызстанга аман-эсен келишкенин жана жакынкы убакта жергиликтүү маданият менен жакындан тааныштыруу иштери жүргүзүлө турганын билдирди.

 

Этникалык кыргыздардын атынан сүйлөгөн Абдырасул уулу Абдыкапар ден соолуктарына кам көрүп, балдарынын билим алуусуна бардык шарттарды түзүп жаткан өкмөткө, жергиликтүү бийликке ыраазычылыгын билдирди.

 

Медициналык кызматкерлердин айтымында, бийик тоолуу шартта, деңиз деңгээлинен 4000-5000 метр бийиктикте жашаган памирлик кыргыздарда жүрөк-кан тамыр оорулары көп кездешүүдө. Бирок жугуштуу илдеттер жокко эсе.

 

«Азыркы учурда аялдардын ден соолуктары текшерилип жатат. Ал эми 38 жаштагы кош бойлуу келин жылдын аягына чейин көз жарып калат», - деди медицина кызматкерлери.

 

Ушул жылдын 13-октябрында саат 20:30 чамасында этникалык кыргыздар Нарын шаарына келишкен. Аларды вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова коштоп келип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар кубануу менен салтанаттуу түрдө тосуп алышкан.

 

Кыргызстанга Кичи жана Чоң Памирден 33 адамдан турган 6 үй-бүлө келди. Алардын ичинде 18 жашка чейинки 17 бала, кош бойлуу аял жана 1,5 жаштагы бир бала бар. 2017-жылдын 2-октябрында Кыргызстандын өкмөтү Кичи жана Чоң Памирге гуманитардык жардамды жеткирүү жана этникалык кыргыздардын балдарын окутуу үчүн ата-энелеринин коштоосунда өлкөгө алып келүүгө экспедиция жөнөткөн болчу.

 

Аталган аймакта жашаган этникалык кыргыздарды колдоо максатында өкмөттүк экспедиция тарабынан 7 млн сомго ылайыкталган 60 тоннадан ашык өлчөмдөгү гуманитардык жардам толугу менен жеткирилди. Алардын катарын дары каражаттары, азык-түлүк, кийим-кече, жууркан жана башкалар толуктайт.