Памирлик кыргыздардын 198 медициналык кароодон өтүп, 11 дарыланууга муктаж экени айтылды

Памирлик кыргыздардын 198 медициналык кароодон өтүп, 11 дарыланууга муктаж экени айтылды

Бүгүн, 28-февралда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик миграция кызматында "Ага Хан" фондунун өкүлү Алтаав Хашам менен Президенттик аппараттын эл аралык байланыш бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Адылбек Исмаилов жолугушту. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматы кабарлады.

 

Жолугушуунун алкагында Кичи Памирдеги кыргыздарга жардам көрсөтүүдө жаралган маселелер тууралуу талкуу болду. Маалыматка ылайык, ал жактагы этникалык кыргыздар курч мүнөздөгү респиратордук вируска кабылып, айрымдары каза болгону, кээ бири катаал аба ырайынан кыйналып жатышканы айтылгандыктан, аталган фонддун кызматкерлери жабыркагандарга жардам берүүгө аттанган.

 

"Катуу кар жаагандыктан, ал жакка жетүү кыйын болгон, бирок дарыгерлер аларга жетип барышкан. 24-29-январларда 198 этникалык кыргыз медициналык кароодон өтүп, тиешелүү жардам көрсөтүлгөн. Алардын ичинен 11 чоң киши атайын дарылоодон ооруканада өтүшү керектиги аныкталган. Эң жакын оорукана Тажикстандагы Мургаб районунда. Аларга болгон жардам көрсөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

 

Көбү катаал аба ырайынан, жакшы тамактанбагандан улам пайда болчу оорулар менен жабыркашканы маалым болгон.

 

Аларда вирустук жугуштуу оорулар, дем алуу жолдорунун оорулары, гастрит, тонзилит табылган. Бул маселени чечүү үчүн ооган бийлиги менен тыгыз иштешүү жана Тышкы иштер министрлигинин кийлигишүүсү керектиги айтылган жолугушууда.