Памирлик кыргыздарды Кыргызстан кабыл албаса, алар Туркия жана Пакистанга көчүп кетүүгө даяр

Афганистандын Памир тоолорунда жашаган этникалык кыргыздар тарыхый мекенине кабыл алууну тууралуу Кыргыз өкмөтүнө кайрылуу жасаган болчу. Памирлик кыргыздар өтүнүч каты өзүлөрүнүн делегаты Абдимиталип Сыраджин уулу аркылуу кыргыз өкмөтүнө жеткирген. Памирлик кыргыздардын элчисин КР вице-премьер министри Токон Мамытов кабыл алган.

 

Жолугушууда Абдимиталип Сыраджин уулу кыргыз өкмөтүнөн этникалык кыргыздарга көңүл бурусун суранды.

 

«Памирде 250 түтүн, тактап айтканда 2 миңге жакын кыргыз жашайт. Биздин жашообуз тышкы байланыштан үзүлүп калган. Медициналык кызмат болсо жок, балдарыбыз билим алалбай жатат. Биз баарыбызды тарыхый мекенибизге көчүрүп келүүнү кыргыз өкмөтүнөн суранабыз», - дейт Сыраджин уулу.

 

Памирлик кыргыздарга жардам берүүнүн дагы бир жолу мугалимдерди жана дарыгерлерди кызматтык сапар менен Памирге алып баруу.

 

«Афганистан өкмөтү менен этникалык кыргыздарга паспорт берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүү керек», - деп кошумчалады Абдимиталип Сыраджин уулу.

 

Ал ошондой эле Кыргызстан памирлик кыргыздардын суранычын карап чыкпаса, алар көчүрүп кетүү өтүнүчү менен Пакистан жана Туркияга кайрылаарын айтып өттү.

 

Токон Мамытов делегатты бардык суроолорду кыргыз өкмөтү карап чыгып, тиешелүү чечим чыгарат деп ишендирди. «Биз этникалык кыргыздардын абалын жакшы түшүнүп турабыз. Бул маселени чечүү жолдорун караштырабыз», - дейт Т. Мамытов.

 

Бишкек. 19 март. КирТАГ