Памирлик кыргыздар Кыргызстандан кетүүгө камынган жок- миграция кызматы

Памирлик кыргыздар Кыргызстандан кетүүгө камынган жок- миграция кызматы

Мамлекеттик миграция кызматы депутат Жанар Акаевдин айыптоосун жооп кайтарды.

 

«Нарын облусунда жашап жаткан Памирлик кыргыздар туугандарын сагынганы үчүн жайкы каникул учурунда мекенине барып келүүнү чечкен. Кайра окуу башталганда кайтат. Этникалык кыргыздардын баары Памирге барган жок, көпчүлүгүн каникулду Кыргызстанда эле өткөрүүнү каалаган» - деп маалымдайт миграция кызматы.

 

«Жер бөлүп берүү маселеси памирлик кыргыздардын Кыргызстанга балдарын окутуу үчүн келген фактыларды эсеп алуу менен каралат. Биздин мамлекет алардын жашоосуна болгон шартты түзүп берүүгө даяр», - деп айтылат маалыматта.

 

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Нарынга көчүрүлүп келген памирлик кыргыздардын кээ бирлери каралбай калгандыктан Ооганыстанга кайтууга камынып жатканын билдирген эле.

 

Бишкек. 28 - июнь. КирТАГ