Памирлик кыргыздар кайтып келе элек

Памирлик кыргыздар кайтып келе элек

Жайында Памирге кеткен 18 боордош Кыргызстанга кайта элек. Учурда памирлик кыргыздар өлкөгө Тажикстан аркылуу келүүнү көздөөдө. Бирок аталган мамлекет памирликтерге виза бербей жатат.

 

Быйыл жайда Ооганстандын Кичи Памир өрөөнүнөн Нарын облусуна көчүрүлүп келген памирлик кыргыздар «элди-жерди көрөбүз же балким кайтпай деле калабыз» деп, айрымдары кайра Кичи Памирге кетишкен эле. Айрымдары кайра окуу башталганда кайтып келишмек болгон. Бирок окуу жылы башталса деле памирлик кыргыздар кайтып келе электиги белгилүү болду.

 

Миграция кызматынын кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетованын айтымында, памирликтер Кыргызстанга Тажикистан аркылуу келишмек. Бирок аталган мамлекет боорбошторго виза ачып бербей жатат. Ошондон улам кайтып келе элек.

 

-Негизи транзиттик виза болбосо бул жакка кайра кире алышпайт. Биз кетип жатканда аларга үч айга чейин жарайт деген чыгуу визасын бергенбиз. Азыр памирлик кыргыздардын маселесин көзөмөлдөп жатабыз. Алар Кыргызстанга кайтканда Тажикистандын транзиттик визасын алып, келүүсү арзан түшмөк. Бирок коңшу мамлекеттин Ооганистандагы элчилиги виза бербей жатыптыр. Бул көйгөй жаратып жатат. Тышкы иштер министрлигине да кайрылдык. Бөтөн мамлекет болгондон кийин кимге виза берет өзү билет.

 

Үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда 18 киши жайкы каникулга карата Бишкектен Памирди көздөй сапар алып кеткен. Алардын арасында бир нече үй-бүлө жана 6 жашка чейинки эки кичинекей бөбөк бар болчу. Кеткендердин көбү Нарындагы лицейди окуп бүтүргөн балдар болчу, сертификаттарын алышкан.

 

Учурда Нарын шаарында жашап жаткан памирлик кыргыз Доолот Токтакун кызы Кичи Памирге кеткен боордоштор менен байланышып турарынын билдирди. Анын айтымында, кеткендер кайра катууга аракет кылышууда. Бирок документ иштерине байланыштуу Нарынга келүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок.

 

-Байланышып турамын. Тиешелүү органдарга кайрылдык дешти. Бирок азыркыга чейин чечиле элек. Нарында калган памирлик кыргыздар да кыйналды. Биз дагы кайтып кетсекби деп жатабыз. Жумуш же үйүбүз жок.

 

Билим алуу үчүн Кыргызстанга келген кичинекей памирлик кыргыз Анжир Жасур кызы учурда окубай эле үйдө. Ал мектепте бир аз убакыт билим алып, класста кыздар жок болгондуктан сабагын калтырган. Ага карабастан Анжир үйдө өз алдынча окуусун улантып жатканын билдирди.

 

—Кыргызча китептерди окуй аламын. Көчөдөгү кыздарга кошулуп деле ойнобоймун. Апама үй жумуштарына жардам берем. Жашым 12де.

 

Бул маселе өкмөттүк деңгээлде чечилүүсү керектигин Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

 

Анын айтымында, миграция кызматынын деңгээлинде сүйлөшүүлөр эч нерсени чечпейт. Өкмөт башчы Тажикистанга делегация жибериш керек.

 

-Премьер-министр Тажикистанга делегация жиберип же өзү түз сүйлөшүүсү керек. Ошондо гана маселе чечилет. Каттоо кызматынын деңгээлинде кат алмашуу менен эле калып калат. Виза бербей жатканынын да саясий кызыкчылыктары бар. Анткени калкынын саны азаят.

 

Эске салсак, 2017-жылдын октябрь айында Памирде жашаган 33 этникалык кыргыз тарыхый мекенине өкмөт тарабынан көчүрүлүп келип, Куланак айылына отурукташкан. Кийин 2018-жылы жазга жуук дагы бир нече адам келген.