Памирлик Дөөлатбүбү жиптен жасалган буюмдарды сатууда (сүрөт)

Памирлик Дөөлатбүбү жиптен жасалган буюмдарды сатууда (сүрөт)

Дөөлатбүбү Токтаахун кызы Кыргызстанга үй-бүлөсү менен бирге Улуу Памирден келген. Алар учурда Нарын облусунун Нарын шаарында жашашат. Д.Токтаахун кызы үйдө бош отурбастан кошунасынын тигүүчү машинасын сурап алып, кол өнөрчүлүк менен алектенип, жиптен жасалган буюмдарды жасап сатууда.

 

Өзүнүн айтымында, ал 38 жашта. 2 кызы бар. 3 уулу наристе кезинде чарчап калган.

 

«3 эркек наристебиз, бири 6 айлык, бири 2 айлык кезинде, дагы бири 1 айга толгондо сууктан улам чарчап калышты. Бул жакка кыргыздар — бир тууганыбыз деп келдик. Дарыгерлер бизди жакшы карап жатышат. Үйдө бош отургандан көрө колго ар түрдүү буюмдарды жасап жатабыз. Өрмөк өрүп, сайма саябыз. Бирок Кыргызстанда жиптердин баасы кымбат экен. Акчабыз жетпейт. Памирде баары арзан. Ал жакта чоң жип 10 сом болсо, бул жакта 100 сом экен. 1 жип алсак, ал 1 айга жетет. Сумка, ат жабдыктарын, эркектерге бел кур жасайбыз», - деди Д.Токтаахун кызы.

 

pamirlik-d-latb-b-zhipten-zhasalgan-buiumdardy 1 pamirlik-d-latb-b-zhipten-zhasalgan-buiumdardy 2
pamirlik-d-latb-b-zhipten-zhasalgan-buiumdardy 4 pamirlik-d-latb-b-zhipten-zhasalgan-buiumdardy 5