Памирге кайткан кыргыздар тажик-афган чек арасын кесип өтүштү (видео)

Памирге кайткан кыргыздар тажик-афган чек арасын кесип өтүштү (видео)

Жайкы каникул малында Памирге барып келүүнү чечкен этникалык кыргыздар 9-июль күнү "Ишкашим" посту аркылуу тажик-афган чек арасын кесип өткөнүн Миграция кызматы билдирди.

 

Эскерте кетсек, Нарынга жайгашкан памирлик кыргыздардын 18и туулуп-өскөн жерине барып келүүнү чечкен. Алар Кыргызстандан 6-июль күнү чыгып кеткен.

 

Кандаштарды Миграция кызматынын төрага орун басары Самат Токтоболотов, Саламаттык сактоо, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин жана Чек ара кызматынын өкүлдөрү коштоп кеткен.

 

Ушу тапта жолоочулар Кичи жана Улуу Памирге бара жатышат. Ал эми Нарында калган памирлик кыргыздар биздин топко жашоо-тиричилигин көрсөтүп, эмнеге нааразы экенин айтып беришкен.