Сары-кол (Восточный Памир)

Кайсы жерден болосуң деп сураба, кандай элден экенимди сынаба, мен жөн эле жашап келем кыргызмын деп...

КТРК онлайн ТВ МУЗ ТВ KG онлайн Биринчи радиоКыргыз радиосу

ОШ ТВ онлайн ЭлТР онлайн ТВ Марал радиосуСанжыра радиосу

ОШ ПИРИМ онлайн Ынтымак ТВ онлайн Мин Кыял радиосу Кыргызстан обондору

Бишкек  онлайн ЭЛ ФМ радиосу Сары-кол радиосу

Кыргызча клиптер

Памирдеги кыргыздарга жиберилген жардам Мургаб районуна жетти

  • Вторник, 03 Октября 2017
  • Автор 
  • 365

Гуманитардык жардам жүктөлгөн жүк ташуучу 9 автоунаа, май ташуучу бир машина жана тез жардам кызматы 1-октябрда Кыргызстандан чыккан.

 

Афганистандын Кичи жана Улуу Памир аймактарындагы этникалык кыргыздарга жиберилген гуманитардык жардам Тажикстандын Мургаб айылына жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

 

 

 

Азык-түлүк жана тиричилик буюмдары, дары-дармек жүктөлгөн 9 жүк ташуучу автоунаа, бир май ташуучу машина жана тез жардам кызматы Кыргызстандан 1-октябрда чыккан.

 

"Атайын экспедициянын коштоосундагы машиналар 1-октябрда саат 17:50дө Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш чек ара заставасына жетип, ошол жерде түнөгөн. 2-октябрда саат 11:40да Тажикстандын аймагына өтүп, саат 22:30да Мургаб айылына келишкен. Гуманитардык жардам жүктөлгөн машиналар 3-октябрда андан ары сапарын улантышат", — деп айтылат маалыматта.

 

Эске салсак аталган жардамды көрсөтүү буйругу КР өкмөтүнүн 7-сентябрдагы буйругунун негизинде ишке ашып жатат.

scroll back to top

Дополнительная информация

Сейчас 144 гостей онлайн

Сары-кол 2017