Памирдеги кыргыздарга арналган көргөзмө өтөт

Oogankg korgozmoОоган Памириндеги кыргыздарга жардам берүү максатында уюштурулуп жаткан көргөзмөдө төрт жолу гуманитардык жардам алып барган мамлекеттик экспедиция маалында тартылган сүрөттөр, видеолор көрсөтүлөт.

 

31-марттан 11-апрелге чейин өтө турган көргөзмөдө Памир кыргыздарынын маданиятын чагылдырган ыр-бий да тартууланат.

 

Көргөзмөнү Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен "Элден элге" коомдук фонду биргелешип уюштурууда.

 

“Кыргыз бутагы” уюмунун маалыматы боюнча, Ооганстандын Улуу жана Кичи Памир тоо кыркаларын жердеген кыргыздардын саны бүгүн 1100дүн тегерегинде. Алардын оор турмуштук шарты тууралуу "Азаттык" теле тобу да бир катар видео баяндарды даярдаган.