Памирдеги кыргыз жеткинчектердин дээрлик бардыгынын сабаты жоюлган эмес (фото)

3-октябрдан 11-октябрга чейин Памир кыргыздарына жардам берүүгө багытталган гуманитардык экспедиция 8 жүк ташуучу унаа менен 90 тоннага жакын жүк жеткирип, жардамдан сырткары топтун курамындагы дарыгерлер Памир кыргыздарынын ден соолугун текшерип келишти.

 

Делегациянын курамында ОшМУнун «Чет өлкөлүк кыргыздарды изилдөө» борборунун жетекчиси Расул Абазбек уулу да болуп, үстүбүздөгү жылдын февраль айында ОшМУнун жамааты тарабынан кошумча катары топтолгон гумжардамды памирлик боордошторго тапшырып кайтты.

 

Мурдагы экспедициялардан айырмаланып, бул жолу Кыргызстандан барган жардам кыргыздардын айылдарына түз жеткирилип, алардын реалдуу турмушун көрүүгө шарт түзүлдү.

 

Маанилүү миссия - ал жерде жашаган боордоштордун балдарынын билим деңгээлин болжолдуу болсо да аныктоо эле. Тилекке каршы, жеткинчектердин дээрлик бардыгынын сабаты жоюлган эмес, географиялык-климаттык шарты оор аймакта билимсиздик өкүм сүрөт деп айтса болот.

 

Pamir sabat joiu 1 Pamir sabat joiu 2 Pamir sabat joiu 3

 

Афган өкмөтү Улуу Памирге быйыл чакан болсо да оорукана салып берген, жана бир кичинекей мектептин курулушу бүтө элек. Айрым маалыматтар боюнча, учурда Улуу жана Кичи Памирди жердеген кыргыздардын саны 1 миң 500гө жакын.