Памирде күн катуу ысып, сел каптоодо

Pamirdi sel kaptady 1Июль айында Тажикстан менен Кыргызстан чектешкен Памирдин Мургаб, Шугнан райондорунда аба ырайынын кескин ысышынан улам дарыялар нугунан чыгып, сел жүрдү.

 

Мургаб районунун кыргыздар жашаган Аличор айылынын тургуну Замир Назармамбетовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, аймактагы тажик улутундагылар жашаган Барсем кыштагында 72 үйдү сел жууп кеткен.

 

Мындан тышкары кыргыздар жашаган Аличор айылындагы бир нече кыштоо үйдү жана короолорду суу агызып кетти. Азырынча үйсүз Pamirdi sel kaptady 2калган тажик улутундагыларга Тажикстан мамлекети жардам көрсөтүүдө. Кыргыз улутундагылардын селден тарткан зыяны азырынча эсептеле элек. Эл аралык мөңгү бирикмесинин ыктыярчылары да окуя болгон жерге гуманитардык жардам жиберди.