Памир кыргыздарынын турмушу, каада-салты тууралуу китеби жарык көрдү

Памир кыргыздарынын турмушу, каада-салты тууралуу китеби жарык көрдү

Профессор С. Кайыповдун Памир кыргыздарынын турмушу, каада-салты тууралуу китеби жарык көрдү.

 

Профессор, Түркияда он жылга жакын жашап келген Сулайман Кайыпов Афганистандын Памир тоолорунан Пакистанга көчүп, андан 1982-жылы Түркияга келген, үч миңкалкы бар кыргыздардын жашоо-турмушу, каада-салты, тамактануу системасы тууралуу жазган китебин кыргыз тилинде жарыкка чыгарды.

 

Автор Улуу Памирде жашаган мекендештердин турмушун 9 жылга жакын изилдеген. Жалаң ушул айылдан жыйналган оозеки чыгармалар,этнография жана тилдин изилдениши жалпысынан 20 томдук китеп болгон.

 

Учурда Стамбул мэриясында иштеп жаткан улуу памирлик кыргыздардын өкүлү Абдулметин Кескиндин айтуусунда, С. Кайыпов Түркиянын жогорку окуу жайларында окутуучу болуп иштеген жылдары Улуу Памир айылынын жашоочуларынын оозеки чыгармалары,тили жана этнографиясынын үстүндө изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Анын натыйжасында 20 томдук китеп топтому чогултулган. Бул изилдөөлөр алардын тарыхы болуп саналат.

 

“Албетте, автор бул жазгандарынын баарын толук китеп кылып чыгара элек. Рахманкул хан тууралуу эскерүүлөрү жана "Памир кыргыздарынын тамак-аш системасы" аттуу эки китеби жарыкка чыкты. С. Кайыповдун бул эмгектери биз, келечек муун үчүн зор таберик. Опол тоодой эмгеги үчүн Сулайман Кайыповго чоң ыраазычылык билдиребиз”,- деди А. Кескин.

 

“Улуу Памир айылында жашаган кыргыздардын бaбалардан келаткан маданияты жоголууга учурабай, жергиликтүү калктын үрп-адатынан ажырым калбай, миң жыл мурдагы сөз берметтерин сактап келишкен. Бул жер изилдөө жүргүзүү үчүн кыялымдагы жер эле. Улуу Памирде эч бир жерде кездешпеген үрп-адат, маданияттын жашаганына көңүл буруп, изилдөө жүргүздүм”,- дейт автор С. Кайыпов.