Памир кыргыздарына барчуларды “Ар Намыс” фракциясы тактады

Жогорку Кеңештин “Ар Намыс” фракциясы, 11-октябрдагы жыйынында Ооганстандын кичи жана чоң Памиринде жашап жатышкан этникалык кыргыздардын турмушу менен таанышып келүү үчүн Ведомстволор аралык Кеңештин курамына кимдерди киргизүү маселесин талкуулашты.

 

Талкуу учурунда фракция лидери Феликс Кулов, аял депутаттарга ал жакка барууда ойлонуу керектигин айтты. “Аялдарды аяш керек. Ал жакта эркек адамдарга деле жеңил эмес. Андыктан барбай эле коюшуңарга кеңеш берет элем”, – деди Феликс Кулов.

 

Депутат Турсунбай Бакир уулу барууга өзүнүн талапкерлигин сунуш кылды. Турсунбай Бакир уулу: “Мен Памирдеги кыргыздар тууралуу ар кайсы жерде маселе көтөрүп келем. Мени ал жакка барчулардын катарына кошууңуздарды өтүнөм”, - деди.

 

Жыйынтыгында, “Ар Намыс” фракциясынан Нурлан Төрөбеков менен Турсунбай Бакир уулу Ведомстволор аралык делегациянын курамына кошулуп Памир жергесине аттанышмакчы болушту.

Кыргызтудэй” 11.10.2013