Оштун мектептеринде «Боордошторго китеп» акциясы өтүүдө

Оштун мектептеринде «Боордошторго китеп» акциясы өтүүдө

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын уюштуруусу менен шаардагы мектептерде «Боордошторго китеп» акциясы өтүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкери Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

 

Маалыматка ылайык, аталган иш чара Ош шаарындагы 54 мектепте марафон иретинде өтүп, чогулган китептер Тажикстандын Жерге-Тал жана Мургаб райондорунда жашап жаткан этникалык кыргыздарга жиберилмекчи.

 

«Этникалык кыргыздар дүйнөнүн түрдүү өлкөлөрүндө жашап, өз маданиятын өнүктүрүп келсе да, дайыма биздин, кыргызстандыктардын жардамына муктаж. Айрыкча тажикстандык кыргыздарда кыргыз тилинде китеп окуу муктаждыгы күч экенин эске алып, бул акцияны уюштурдук. Учурда бардык мектептерден китептер чогултулуп, аталган өлкөгө жиберүүчү тарапка тапшырылып жатат» - деди Т. Досмуратов.