ОШМУ оогандык кыргыздарга жардам чогултат

Ош мамлекеттик университетинде ооган кыргыздарына гуманитардык экспедиция жөнөтүү максатында “ОшМУдан оогандык кыргыздарга жардам” аттуу кайрымдуулук күнүн уюштуруу белгиленди.

 

Иш-чаранын 1-күнү 10-февралда өтөт, анда ОшМУнун факультет, институт, коллеж, лицейлеринде ар бир студенттик тайпада кураторлор тарабынан ооган кыргыздарынын тарыхы, географиясы, жашоо-шарттары жөнүндө маалыматтар берилет.

 

 

Иш-чараны уюштуруунун 2-күнү 11-февраль күнү саат 14:00дөн 17:00гө чейин окуу жайдын башкы имаратынын алдында “ОшМУдан оогандык кыргыздарга жардам” аттуу кайрымдуулук марафону өткөрүлүп, ага университеттин бардык структуралары, студенттик тайпалары өз салымдарын эл алдында урналарга салышат. Кайрымдуулук иш-чарасында түшкөн каражаттар атайын түзүлгөн эсептөө комиссиясы тарабынан көзөмөлдөнөт.

 

Акция учурунда ОшМУнун таланттарынын концерттик программалары тартууланып, ОшМУнун «Чет элдик кыргыздарды изилдөө борборунун» Ооган кыргыздары жөнүндөгү көргөзмөсү уюштурулат.

 

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын февраль-март айларына пландаштырылган Афганистандагы Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздарга жардам көрсөтүү үчүн мамлекеттик экспедиция уюштурулган. Анын курамына ОшМУнун «Чет элдик кыргыздарды изилдөө борборунан» эки окутуучу Сабыр Арстанов, Расул Авазбеков да кошулган.