Ооганстандагы жер титирөө этникалык кыргыздарга зыянын тийгизди

Бул туурасында “Азаттыкка” Кыргызстандын Ооганстандагы элчисинин жардамчысы Учкун Эралиев билдирди. Анын айтымында, жер титирөө Бадахшан провинциясынын Журм аттуу районунда болуп, анын күчү 7,8 баллга жеткен. Ал аймакта жашаган памир кыргыздарынын үйлөрү урап, жеңил жараат алгандар болгон. Каза болгондор катталган жок.

 

Ооганстанда консулдук каттоодо 50гө чукул кыргызстандык жаран турат. Алар аскердик базаларда ар кандай жумуштарда иштейт. Элчилик алар менен байланышып, жабыркагандар жок экендигин аныктады.

 

Ооганстандын саламаттыкты сактоо министрлигинин соңку маалыматына караганда, аймакта 26-октябрда болгон катуу жер титирөөнүн кесепетинен 459 адам жабыркап, алардын ичинен 275 киши каза болду.

 

Oogan jer titiroo