Нарынга жайгашкан памирлик кыргыздар Алайга көчүрүлдү (видео)

Нарынга жайгашкан памирлик кыргыздар Алайга көчүрүлдү (видео)

Памирлик кыргыздар буга чейин Нарын шаары менен Ат-Башы районунда жашап келген. Кайрылман макамы менен келген жарандардын балдары мектепке тартылып, билим алууга толук шарт түзүлгөн.

 

Нарын облусуна жайгашкан памирлик кыргыздар Ош облусунун Алай районуна көчүрүлдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

 

Эске салсак, памирлик кыргыздар 2017-жылы октябрь айында Афганистандын Улуу жана Кичи Памир аймактарынан билим алуу максатында алып келинген. Кабарчынын айтымында, Алайда курулган кыштакчага 27 адам кетүүдө.

 

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдиргендей, памирлик кыргыздар буга чейин Нарын шаары менен Ат-Башы районунда жашап келген. Кайрылман макамы менен келген жарандардын балдары мектепке тартылып, билим алууга толук шарт түзүлгөн. Алардын ичинен экөө азыркы убакта жогорку окуу жайда билим алышууда.

 

"19 балага жөлөк пул, үч адамга пенсия чектелип берилди. Мунун баары памирлик кыргыздарга кепилдик берүү боюнча мыйзамдын алкагында ишке ашты. Алайга көчүп кетип жаткан алты үй-бүлөгө атайын жер берилип, үйлөр курулган. Ошол жерге барып жайгашышат. Учурда аларды жумуш орду менен камсыз кылуу жагы да каралууда", — деди Ибраева.

 

Мындан сырткары, 2017-жылы Нарынга Памирден дагы 10 үй-бүлө алып келинген. Анын ичинен эки үй-бүлө Чүй облусунун Кант шаарына көчүп кетсе, эки үй-бүлө Нарын шаары жана Ат-Башы районунда жашап жатат.