Нарынга Кичи Памирден бир үй-бүлө келди (сүрөт)

Нарынга Кичи Памирден бир үй-бүлө келди (сүрөт)

Нарын облусуна Ооганстандын Кичи Памиринен балдарын окутуу максатында бир үй-бүлө Нарын облусуна келди, деп билдирди аймактык кабарчы.

 

Маалым болгондой, бул үй-бүлө Кыргызстанга 4 баласы менен келип, Ат-Башы районунун Чар кыштоосуна жайгаштырылды. Ал эми эки баласы мектеп жашында болгондуктан, алар академик Үсөн Асанов атындагы Нарын облустук мектеп жатак-лицейине жайгаштырылган.

 

Учурда аталган үй-бүлө эки баласы менен Чар кыштоосундагы жергиликтүү тургундун үйүндө жашап, мал багып иштеп жатышат. Алар алгач 6 000 сом эмгек акы алышкан. Ошондой эле алар Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан отун-суу, тамак-аш менен камсыз болуп, балдарына жөлөк пул чектелди.

 

narynga-kichi-pamirden-bir-i-b-l-keldi 1 narynga-kichi-pamirden-bir-i-b-l-keldi 3
narynga-kichi-pamirden-bir-i-b-l-keldi 4

 

2017-жылдын 13-октябрында Нарын облусуна Ооганстандын Улуу жана Кичи Памиринен жалпы 33 адам — 18 жашка чейинки 17 бала, кош бойлуу аял жана 1,5 жаштагы бала келген болчу. Кош бойлуу аял Бишкек шаарынан көз жарып, мурунку президент тарабынан анын үй-бүлөсүнө үй берилген эле.

 

Кийинчерээк 18-ноябрда бул кыргыздарды көрүү үчүн Кыргызстанга Ооганстандын Улуу жана Кичи Памиринен 11 этникалык кыргыз учак менен учуп келишкен. Алардын айрымдары туугандары менен учурашкандан кийин кайра Памирге кетишкен.

 

Ал эми ушул жылдын 4-июлунда Кыргызстанга 2017-жылдын 13-октябрында келген памирлик кыргыздардын айрымдары, тактап айтканда 18 памирлик кыргыз Ооганстанга кайра сапар алышкан эле. Андан кийин Нарында калган 19 жаштагы Ширинбү (паспорт боюнча Ширинбүбү) Абдулваид кызы Нарын шаарындагы төрөт бөлүмүндө көз жарып, уулунун атын Нарынбек деп атаган болчу.