Мургабта жоголгон туристтер табылды

Тоолуу Бадахшанда жоголгон беш америкалык турист Памир улуттук паркында аман-эсен табылды. Учурда аларды Тажикстандын борбору Дүйшөмбүгө жеткирүү аракеттери көрүлүүдө.

 

Колорадо штатынан келген туристтер Алтын-Мазар дарыясы аркылуу кайыктар менен Кыргызстанга сапар тартууга камынган. Мунун алдында алар жоголгон жерде эки кайык табылганы айтылган.