Мургабдан Ошко келген кыргыздар кар көчкүдөн улам өтө албай калышты

Мургабдан Ошко келген кыргыздар кар көчкүдөн улам өтө албай калышты

Кыргызстандан Тажикстандын Мургаб районуна баруучу жолдогу карлар тазаланбай, 2 күндөн бери жол жабык турат.

 

Бул тууралуу Мургаб айылынын тургуну Канат Мамасыдыков билдирди. Мургаб районунда кыргыздар жашайт. К.Мамасыдыковдун айтымында, ал Мургабдан Ошко келген. Жол жабылгандан кийин Мургаб айылы менен байланыша албай калган.

 

«Сары-Таш—Бор-Дөбө жана Мургаб айылдарын бириктирген жол 2 күндөн бери жабык турат. Мургабдан Ошко келген адамдар кете албай жатат. Бул жол кардан тазаланбай, жыл сайын кыйынчылык жаратат. Себеби бул жолго Тажикстандан дагы, Кыргызстандан дагы техникалар келбейт. Андан улам учурда ал жерге түшкөн кар көчкү тазалана элек», - деди К.Мамасадыков.

 

Тургундардын айтымында, учурда Мургаб—Сары-Таш жолунун 30-чакырымы жабык.